Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын борбордук аянтында Баткен облусунда курман болгондорго куран окулду

Иш-чараны шаардын элдик штабы уюштурган

Ош шаарынын борбордук аянтында Баткен аймагында курман болгондорго куран окулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара муфтияттын уламалар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нурмаматов, Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов жана шаардыктардын катышуусунда өттү.

Маалым болгондой, иш-чараны шаардын элдик штабы уюштурган.

Намаздан кийин келгендердин баарына ысык тамак берилди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 36 адам каза болду. 183 адам жаракат алган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, чек арага жакын жайгашкан айылдарда 107 үй, фельдшердик-акушердик пункт, мектептер, бала бакча, үч өткөрүү пункту, сегиз дүкөн жана он май куюучу жай талкаланган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх