Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузакта 24 жаштагы беш баланын энеси асынып алды

Кыздын ата-энеси күйөө баласын өзүн-өзү өлтүрүүгө түрттү деп айыпташкан. Аны ала качып келип турмуш курган

Сузакта 24 жаштагы беш баланын энеси өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 23-апрелде саат 19.30да Сузак районунун Таш-Булак айылынын 24 жаштагы тургуну үйүнүн сарайында асынып алган.

Бул факт КЖБРге 136 "Өзүн өзү өлтүрүүгө жетелөө" беренеси боюнча катталды. Экспертиза дайындалды.

Тергөө учурунда маркумдун ата-энеси милицияга кызынын өлүмүнө күйөө баласы күнөөлүү деп кайрылышкан.

Белгиленгендей, анын өлүмүнө кыздын күйөөсүнүн тиешеси бар экендиги тергөө учурунда аныкталат.

Кыз 16 жашында өзүнөн 13 жаш улуу эркек кишиге турмушка чыккандыгы көрсөтүлгөн. Ал аны ала качып  кеткен. Анын беш баласы калды.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх