Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кабминдин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Баткен облусундагы окуяларда жабыркагандарга барды

Учурда 36 жаракат алган адам БТОИИБде дарыланууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги акыркы окуялардын жүрүшүндө жаракат алып, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим–изилдөө борборунда (БТОИИБ) дарыланып жаткан жарандардан кабар алды. 

Учурда мекемеде 36 адам дарыланууда.

Жылдыз Бакашова жабыркаган жарандарга чың ден-соолук каалап, алардын тез арада сакайып кетишин каалады. 

«Чек арадагы акыркы окуяларда катардагы жарандар жана аскер кызматкерлери жабыркады. Мамлекет өз тарабынан жарандардын дарыланышы жана ден-соолугун калыбына келтирүүсү үчүн бардык шарттарды түзөт. Бул маселеге өзгөчө көңүл бурулат», - деди ал. 

Белгилесек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги акыркы окуялардын натыйжасында 154 адам жаракат алып, 57 жаран Бишкек шаарынын медициналык мекемелерине жеткирилген. Анын 36сы – Бишкектеги травматология жана ортопедия илим–изилдөө борборунда, 12си – Улуттук хирургиялык борбордо жана 9у – Улуттук госпиталда дарыланууда. Бардык бейтаптарга тийишгтүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Кабминдин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх