Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо унаа башкарган кыз жөө жүргүнчүнү коюп, качып кетти (сүрөт)

Жабырлануучу Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына кайрылган

10-майда Каракол шаардык милициясына арыз менен кайрылган жергиликтүү тургун, ошол эле күнү Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде аны ак түстөгү унаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендигин айткан.

 

Жабырлануучу алган жаракаттары менен Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына кайрылган. Кырсык Каракол шаарынын Ички иштер башкармалыгынын КЖБР каттоосуна алынып, Жоруктар кодексинин 155-беренеси (Жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорттук каражаттарды эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Издөө иштеринин натыйжасында Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын кызматкерлери окуя болгон учурда айдап келе жаткан Windom автоунаасын жана 18 жаштагы айдоочу кызды табышкан.

 

Ысык-Көл облусунун ИИБнын ЖКК боюнча инспекциясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх