Жалал-Абад облусунда мектеп окуучусу сарайдын чатырына асынып алды
Өспүрүмдүн атасы соттук-медициналык экспертизадан баш тарткан
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 13-майдын алдында 2007-жылы туулган жергиликтүү тургун асынып алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
- 2021-жылдын 13-майында саат 10:00 чамасында Сузак районунун тургуну, 2007-жылы туулган, 7-класстын окуучусу (бала) өз үйүнүн сарайындагы жипке асылып, өз жанын кыйганын милиция маалымдады. - Бул факт Сузак РИИБде “суицид” катары катталды. Текшерүү башталды. Баланын денесин алдын-ала текшерүү учурунда денеде башка денеге келтирилген жаракат жок экендиги аныкталды.
Бул окуя боюнча баланын атасы арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тарткан.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы
сүрөт www