Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эки аялдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды

Бул мурда соттолгон жашы жете элек бала болуп чыкты

Бишкекте кош адам өлтүрүүгө шектелген жашы жете элек жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери кылмышкер делген адамдын изине түшүштү. Ал шаардан кармалган.

Бул мурда соттолгон 16 жаштагы Ысык-Көл облусунун туулганы болуп чыкты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сурак учурунда шектүү мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана адвокаттын катышуусунда күнөөсүн мойнуна алган. Ошондой эле, сотко чейинки өндүрүшкө киргизилген материалдык далилдерди келтирген.

Мындан тышкары, жашы жете элек бала 2018-жылдан бери Ысык-Көл районунун орто мектебинин 7-классын аяктагандан кийин, Токмок шаарында жашагандыгы аныкталды.

Эске салсак, 12-майда Бишкекте Жибек Жолу проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишине жакын жайгашкан жеке менчик үйдө зордук-зомбулук көрсөткөн эки аялдын сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери курман болгондордун өздүгүн такташты: алар 1958-жылы туулган А.А., жана 1990-жылы туулган А.А. (энеси жана кызы).

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх