Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көңүл буруңуз! Жашы жете элек Адилет Данияров изделүүдө (сүрөт)

Өспүрүм февраль айында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес

Панфилов районунун ички иштер башкармалыгы дагы бир жолу жарандарга 2006-жылы туулган Данияров Адилет Данияровичти издөөгө жардам сурап кайрылат. Панфилов РИИБге 2021-жылы 8-апрелде 1985-жылы туулган жаран Н.А., арыз менен кайрылып, анын 2006-жылы туулган жашы жете элек баласы Данияров Адилет Даниярович жоголгонун билдирген. Ал 2021-жылдын 20-февралында Кум-Арык айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Бул факты КЖБРге катталып, сотко чейинки процесстер башталды. Милиция кызматкерлери издөө ишин козгошту. Сурак учурунда бала Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн экен. 5-класстан баштап, ал мектепти таштап, үйдөн качып кеткен. Алгач ал бир нече күнгө дайынсыз болуп, кийинчерээк бир нече жума, айлап үйдөн кете баштаган. Ошондуктан, баланын энеси буга чейин кайрылган эмес.

Мындан тышкары, бала системалуу түрдө качып кетип, милиция кызматкерлери менен кошо туугандарына жана реабилитациялык борборго кайтып келгени аныкталды.

Бою, белгилери: 160-165 см, кыска кара чачтуу, арык чырай.

Кийген кийими: Кара булгаары куртка, кара спорттук шым, кара спорттук бут кийим.

Өзгөчө белгилери: баштын сол жагында тырык бар.

Бул адамдын жүргөн жери жөнүндө маалыматка ээ болгон бардык жарандар төмөнкү номерлерге кабарлап коюңуз: Панфилов районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү 0312 6079 89, 0702 31 75 22, 0557 08 03 87, 0701 79 0018.

 

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы
Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх