Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак-Сайдан үч тажик, Ворухта ошончо кыргыз кармалды

Кармалгандар буга чейин бошотулган. Жаңжал чечилди

Бүгүн, 17-майда Баткен районунун Ак-Сай айылында үч тажик жараны кармалды, Ворухта ошончо кыргыз кармалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүн эртең менен Ак-Сай айылынын Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын тургундары Тажикстандын үч жаранын кармашты. Жергиликтүү тургундар тажик жарандарын полицияга өткөрүп беришип, алардын эмне себептен Кыргызстанга келип калгандыгын аныкташкан.

Ал арада тажик жарандары өз кезегинде Тажикстандын Ворух айылы аркылуу өтүп бара жаткан үч кыргыз жаранын кармашты.

Маалым болгондой, Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери  телефон аркылуу талкуулап, эки облустун күч түзүмдөрүнүн башчыларына жеринде жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырышкан.

Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн башчылары жолугуп, макулдашып, эки тараптан тең кармалгандар бошотулду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Тажикстандын жарандары тарабынан кармалган кыргыз жарандары сабалып, ооруканага жөнөтүлгөнү көрсөтүлгөн.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх