Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топтун уурусу кармалды (сүрөт)

Бул мурда издөөдө жүргөн 49 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты

Бишкек шаарынын тургуну 34 жаштагы Ю.А Ысык-Ата РОВДсына кайрылып, 2021-жылдын 7-майында, саат 11:20 чамасында Кант шаарынын борборунда белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Жолдо Mercedes Sprinter унаасынын эшигин талкалап уурдап кирген. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталды.

Бул факт Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын КЖБР каттоосуна Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200 беренеси уурулук  боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш башталды.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ИИББнин жана Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери тарабынан, 49 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну К.У. кармалган.

 

Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде ыкчам каттоодо турганы белгилүү болду. Ага карата, Жалал-Абад облусунун аймагында, КЖБРде Кылмыш-жаза кодексинин 200 (уурдоо) - шектүү автоунаадан 390 миң сомдон ашык акчаны  уурдап, ага карата издөө иши козголгон.

Чүй ОИИБдин кызматкерлери жогорудагы адамдын Чүй облусунун аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгын текшерип жатышат. Ал ИИОго жеткирилген, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы

Фото Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх