Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык жакын тууганын түрмөдөн чыгарам деп убада кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө 5 миң доллар берди

ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген адам кармалды

Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин УКМКнын 3-башкармалыгынын (УБОП) Нарын облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү адам кармалды.

2021-жылы май айында Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына бир жаран кайрылып, ал 2020-жылы ноябрь айында белгилүү бир адам өзүнө ишеним пайда болуп, мунапыс маселесин чечип, жакын тууганы бошотом деп 5 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алган.

Акчаны алгандан кийин, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу алдамчынын курмандыгы болуп калганын билгенден кийин, ички иштер органдарына кайрылууну чечкен.

Бул факт КЖБРде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Бул мыйзамсыз ишке уюшкан кылмыштуулуктун субъектисинин катышуусуна байланыштуу, ИИМдин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан мындан аркы ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү.

Текшерүү жана процесстин жүрүшүндө, бул кылмыш ишине тиешеси бар адам, жаран М.А. 1973-жылы туулган Нарын облусунун тургуну, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат. Криминалдык полиция кызматынын маалыматы боюнча, шектүү мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, анын ичинде адам уурдоо, мыйзамсыз түрмөгө отургузуу, опузалап талап кылуу, курал-жарак сактоо.

Шектүү жашаган жерине келген эмес. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, анын жүргөн жери аныкталып, камакка алуу Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн.

Кармалган адам Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп, андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

ИИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх