Бишкекте эки жигиттин катышуусунда кыз ала качуу болду
Ала качкандар"Сосновка" постунан кармалган
Бир күн мурун Бишкектин Октябрь районунда эки жигит кызды уурдап кетишкен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облусунун жол кайгуул кызматынан билдиришти.
- 2021-жылдын 20-майында саат 22.00 чамасында борбордун Октябрь районунда белгисиз эки жигит 2002-жылы туулган кызды уурдап кетишип, белгисиз тарапка алып кетишкендиги тууралуу маалыматты ведомстводон билдирди. - Алынган маалыматтан кийин, Чүй ОИИБдин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору, «кармоо» планын ишке ашыруунун жүрүшүндө, «Сосновка» постунда саат 00.30 чамасында Хонда-Одиссей унаасын токтотушкан. Салондо уурдалган кыз, эки жигит болгон. Кармалган 1998-жылы туулган жана 1995-жылы туулган балдар, ошондой эле кыз МАИ кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук тергөө бөлүмүнө кошумча тергөө амалдары жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.
Чүй облусунун ИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы