Түн ичинде Григорьевкада таштанды контейнерлери уурдалууда. Буга чейин 18 даана уурдалган
Каракол шаарынын мэри жарандардан люктарды, контейнерлерди, жол белгилерин уурдабай, шаардын өнүгүүсүнө жардам берүүнү өтүнөт
Ысык-Көлдө Григорьевка айылында белгисиз адамдар таштанды үчүн 18 контейнерди уурдап кетишти. Бул тууралуу социалдык тармакта Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев билдирди.
- Жыл башында биз Григорьевский айыл аймагынан 50 таштандын контейнерин сурап, шаардын тазалыгы жана кооздугу үчүн биз аларды кура баштадык. Бирок андан бери 18 контейнер дайынсыз жоголгон, анткени алар түн ичинде уурдалган. Достор, эгер ушундай улана берсе, анда биз өнүкпөйбүз. Келгиле, шаарыбыздын көңүлүн көтөрөлү. Люктарды, контейнерлерди, жол белгилерин уррдабайлы. Уурдалган контейнерлерди жаңысына алмаштырганга акчабыз жок! Сураныч, шаарды биргеликте өркүндөтөлү.
сүрөт www