Ташрабат соода борборунда бир адам сатуучу аялга кол көтөрдү (видео)
Эки тарап тең өз ара доомат менен полицияга кайрылышты
Бишкекте Ташрабат соода борборунда бир адам сатуучу аялга кол көтөрдү. Окуянын видеосун жабырлануучу социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Кадрларда эркек менен кыздын ортосунда оозеки кайым айтышуу болуп, ал сатуучу аялга кол көтөргөндүгү көрсөтүлгөн. Акыры мушташка айланган.
Жабырлануучунун айтымында, жаңжалга эркектин аялы дагы катышкан.
"Салам. Бүгүн менин жумуш ордумда мага таптакыр адекваттуу эмес бир адам кол көтөрдү, ал мени колунда баласын көтөрүп жүрүп урду, мени мазактады жана сөгүнүп жатса, аялы менин жанымда туруп ал дагы акарат кылды, ал жерде гана эмес, нары жактан дагы», - деп жазган ал.
Ошондой эле кыз полиция чакыргандыгын белгиледи. Бирок, эркек киши укук коргоо кызматкерлеринин көзүнчө сөгө берген.
«Алар баласын ойлошкон да эмес; Мен аялды эне катары такыр түшүнбөйм ... Милиция кызматкерлери келгенден кийин, ал дагы мени сөгүп, улуттук негизде басынтты: "Сени өлтүрүш керек", "Чочко" ,- деди кыз.
Ал арада Vesti.kg сайты Октябрь райондук милиция бөлүмүнө кайрылып, түшүндүрмө берди.
Милициянын маалыматы боюнча, 20-майда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө бир кыз оозеки кагылышуу учурунда денесине залал келтирген адамга чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылган.
Ошондой эле, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө эркек киши оозеки жаңжал учурунда 4 жаштагы кызына денесине залал келтирген кызга жазуу жүзүндө арыз менен чара көрүүнү суранган.
Бул фактылар Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын КЖБР каттоосуна алынып, Кыргыз Республикасынын Кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) менен сотко чейинки тергөө амалдары башталган.
Алынган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү юридикалык баа берилет.
Тергөө иштери уланууда.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www