Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Церебралдык шал оорусу менен ооруган баланын сабалышы. Логопед-дефектологго каршы иш ачылды

Алган жаракаттардын абалын аныктоочу соттук-медициналык экспертиза дайындалды

Алты жаштагы  церебралдык шал оорусу бар баланы сабаган логопед-дефектологго байланыштуу сотко чейинки процесстер башталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт КЖБРде катталып, Кыргыз Республикасынын Кодексинин жосунсуз жоруктар боюнча 66-беренеси (Ден-соолукка атайылап залал келтирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Алынган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү юридикалык баа берилет.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Эске салсак, "Аутизм Победим" борборунда логопед-дефектолог церебралдык шал оорусу менен жабыркаган баланы сабаган. Окуянын видеосу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова тарабынан социалдык тармакка жарыяланган.

Белгиленгендей, адис ошол эле күнү жумуштан алынган. Баланын энеси Биринчи Май РИИБге арыз жазган

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх