Баткен облусунун аймагында чек арачылар аткезчиликти токтотушту
Тиешелүү документтер каттоодон өткөндөн кийин кармалгандар компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди
25-майдан 26-майга чейинки аралыкта Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары контрабандалык жүктөрдү мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз ташууну токтотушкан.
25-майда чек арачы айыл чарба товарларын Чоңгара (РУз) анклавынан уруксатсыз Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылып жаткан 1988-жылы туулган А.Н., аттуу жарандын башкаруусундагы жүк ташуучу унааны кармашты.
26-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Фум-5 аймагында чек ара отряды УКМК менен биргеликте Форд-Транзит жана Хундай-Портер автоунааларын жана Кыргыз Республикасынын 4 жаранын кармашкан. Алар уруксатсыз Өзбекстандын аймагына (телевизорлор, чач кургаткычтар ж.б) эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган товардын баасы 340 000 сомдон ашык сумманы түзгөн.
Тиешелүү документтер каттоодон өткөндөн кийин кармалгандар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www