Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас облусунда сел жүрүп, 37 үйдүн короосун каптады

Куткаруучулар аймакты тазалап жатышат

Бир күн мурун Талас облусунун Бакай-Ата районунда сел жүрүп, 37 үйдүн короосун каптаган.

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, сел суулары Туйто каналынын четинен ашып кетти. Натыйжада айылдагы үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Талас районунун Бердике айылындагы 70 гектарга жакын айдоо аянтын суу каптады.

Аймакты тазалоо үчүн күч жана каражаттар тартылды: жарандык коргонуу комиссиясы, жүктөгүч, экскаватор, эки трактор, 50 жергиликтүү тургун,Талас облусунун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана айыл аймагынын 15 кызматкери.

 

ӨКМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх