Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек ара жаңжалы учурунда жаракат алган Баткендик балдар бүгүн Ысык-Көлгө жөнөштү (сүрөт)

Андан кийин балдар Кадамжай районунун Семетей лицейинде 15 күн эс алышат

Бүгүн, 27-майда Баткен облусунан 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөштү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

28-30-апрелде Тажикстан менен болгон чек арада болгон окуянын кесепетинен жаракат алган балдарга эс алууну коомдук ишмер Ассоль Молдокматова президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен уюштурган.

Белгиленгендей, облустун чек ара райондорунан 140 бала жана 6 мугалим Ысык-Көлдө 10 күнгө эс алышат. Андан кийин алар Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Семетей" лицейинде дагы 15 күн эс алышат.

Бүгүн, 27-майда балдар Ош аэропорту аркылуу Тамчы аэропортуна учуп кетери айтылды.

 

 

сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх