Уурулар Токмоктук жарандын үйүнө кирип, сейфтен ок-дары салынган куралды уурдап кетишкен
Чүй ОИИБдин ИИББнын кызматкерлери бир катар тоноолорду жасаган деп шектелген кылмыштуу топту кармашты
29-май күнү Токмок ОВДга жергиликтүү тургун 40 жаштагы Б.О арыз менен кайрылган, ал белгисиз адамдар үйгө кирип, Вепр-КМ үлгүсүндөгү мергенчилик куралын жана 200 патронун уурдап кетишкендигин билдирген.
Бул факты Токмок шаарынын ШИИБнын КЖБРне катталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200 (уурдоо) беренеси боюнча Сотко чейинки өндүрүш башталды.
Көрсө, уурулук ээси үйдө жок кезде болгон. Уурулар турак жайга терезелер аркылуу киришкен. Курал сейфте сакталган. Кылмышкерлер сейфти ачып, патрон менен куралды уурдап кетишкен.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ИИББнин ПМК кызматкерлери жана Токмок шаарынын ОВД кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү үч адам аныкталып, Токмок шаарынын ОВДсына жеткирилген: 26 жаштагы Ж. И. жана 24 жаштагы М.М. жана Ж.Н. Экөө мурда уурулук боюнча соттолгон.
Ошондой эле жогорудагы адамдардын Токмок шаарындагы дагы ушул сыяктуу 8 уурулукка тиешеси бар экендиги белгилүү болду. Учурда ИИМ бул адамдардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын текшерип жатат. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы
Сүрөт www