Түркияда сойкулукка шектелген Кыргызстан менен Өзбекстандын аялдары кармалган
Кыздар депортация үчүн Анталия Миграция департаментине өткөрүлүп берилди
Анталияда жандармерия Кыргызстан менен Өзбекстандан келген үч аялды, ошондой эле аларды сойкулукка мажбурлаган деген эки шектүүнү кармады. Бул тууралуу түркиялык Хабер Турк маалымат агенттиги билдирди.
Атайын иш-чаранын жүрүшүндө сойкулук менен алектенүүгө шектелген адамдар аныкталды. Алар 20 жана 32 жаштагы эркектер болуп чыкты. Шектүүлөрдү текшерүү учурунда, соодалашуу үчүн колдонулган сим-карталар алынды. Соттун чечими менен ал адамдар кармалып, "сойкулук менен алектенген" деген айып менен түрмөгө жөнөтүлдү.
Аялдар өз кезегинде депортация үчүн Анталия Миграция департаментине өткөрүлүп берилген.
Канышай Балкыбекова
фото Хабер Турк