Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милициянын тергөөчүсү зордуктоого аракет ишин токтоткону үчүн 20 миң сом талап кылган (сүрөт)

РИИБнын кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилген

УКМК ички иштер органдарындагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу иш-чараларынын жүрүшүндө, опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын каттады.

Ош облусунун Кара-Суу РИИБнын тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты "Б.Г.И." Кыргыз Республикасынын жараны "А.М.А.дан" зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтоткондугу үчүн 20 миң сом акча талап кылат .

2021-жылдын 8-июнунда, ИИМдин түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү "Б. Г. И" 20 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен акча менен кармалган.

Кармалган адам УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча СИЗОсуна киргизилген.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх