Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузак районунда эркек көп аял алуу үчүн жоопко тартылышы мүмкүн (видео)

Милиция биринчи аялдын үйлөнүү тоюндагы куттуктоосуна көңүл бурду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милиция кызматкерлери жергиликтүү тургунга кош аялдуулук фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Бул тууралуу аталган аймактын ИИББсынан билдиришти.

Буга чейин тойдон алынган видео социалдык тармактарда тараган. Маараке учурунда аял жаңы үйлөнгөндөрдү куттуктады жана анын сүйлөгөн сөзүнөн эле ал күйөө баланын аялы экендиги белгилүү болду.


Күч органдары тергөө иштери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Бигамия же көп аял алуу” беренеси боюнча жүрүп жаткандыгын белгилешти.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх