Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда мал уурдоого шектелгендер кармалды

Сотко чейинки процесстер башталды

Чүй облусунда мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы 21-февралда Новониколаевка айылынын тургуну, 54 жаштагы Ж.Т 20-февралдан 21-февралга караган түнү сарайынан жалпы суммасы 70 миң сомду түзгөн эки баш  бодо малды уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган.

Ошондой эле 23-майда Алексеевка айылынын тургуну Т.Н. 7-майдан 8-майга караган түнү жана 21-майдан 22-майга караган түнү сарайынан жалпы баасы 60 миң сом турган эки музоону уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү жөнүндө арыз жазган.

Бул фактылар Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгынын КЖБР каттоосуна   Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200 "Уурулук"беренеси менен катталган. Бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Чүй облусунунВ ШИИБсынын ПМК жана Жайыл районунун ОВДнын кызматкерлери аныктап облустун ИИБне 23 жаштагы С.Ж. жана 21 жаштагы А.С.ны кармаган. Учурда алар кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгын текшерип жатышат, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сотко чейинки процесстер уланууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх