Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Айжан досунун үйүнөн жаңы конуштан табылды
Аны бир айдан бери издешкен
Жоголуп кеткен 17 жаштагы Айжан Өмүрбек кызы бир айдан кийин досунун үйүнөн жаңы конуштан табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери анын изин 2-июнда өткөрүшкөн. Ушул убакка чейин ал Бишкектеги досу менен жаңы конуштун биринде болгон.
Маалым болгондой, 2021-жылы 19-майда кыз Новопавловка айылындагы үйдөн чыгып кеткен ("Алтын-Ордо" турак-жай массиви). Кыз үйдөн бир нече жолу качып кеткен. Миилиция кызматкерлери аны кайтарып беришкен.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз