Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Уюшкан кылмыштуу топтун  "көзөмөлдөөчүсү"(смотрящий) шериги менен Бишкек шаарынын тургунун тоонун жээгине алып чыгып, сабап салган (сүрөт)

ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылык жана адам уурдоо боюнча шектелген бандиттер кармалды

ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш чараларынын натыйжасында адам урдоого жана каракчылыкка шектелген адамдар кармалды.

Буга чейин борбор калаанын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине мыйзам бузуу фактысы боюнча чара көрүүнү суранып жаран кайрылган. Ушул жылдын июнь айынын башында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен жабырлануучуну кара унаага отургузуп, тоого алып чыгып кетишкен. Ээн жерде баш калаанын тургунун күч колдонуп, сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.


Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202 беренеси (Каракчылык) жана 170 (адам уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кылмыш структуралары тарабынан тоноо жөнүндө маалымат болгондугуна байланыштуу, ИИМдин 3-башкармалыгынын (УБОП) ыкчам кызматкерлери бул фактыны иликтөөгө кошулушкан.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары эки адам кармалган:
- 1983-жылы туулган жаран С.К., Нарын облусунун Жумгал районунда туулган, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон, ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат, кылмыш чөйрөсүндөгү статусу “смотрящий”.


- кармалган экинчи жаран 1983-жылы туулган У.Ч., ошондой эле мурда соттолгон, Ысык-Көл облусунун тургуну.
Соттун чечими менен кармалган эки жаранга тең камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх