Karven спорттук клубунун жана Karven Four Seasons борборунун ээси Генрих Балян камакка алынды
Компания өзү азырынча кырдаал боюнча комментарий бере элек
УКМК кызматкерлери Карвен спорттук клубунун жана Карвен Four Seasons эс алуу борборунун ээси Генрих Балянды кармады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына күч түзүмдөрүндөгү булактар кабарлашты.
Алдын-ала маалымат боюнча, Балян мамлекетке 3 миллион доллардан ашык зыян келтирген деп айыпталууда. Ишкер кайсы иштин алкагында кармалгандыгы, учурда белгисиз.
Ошол эле учурда Vesti.kg Карвен менен байланышып, алар кырдаал боюнча азырынча эч нерсе айта албайбыз деп билдиришти.
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз