Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жаман кырсык болду. Унаа экиге бөлүнүп калган (сүрөт)

Экөө каза болуп, бир жабырлануучу ооруканага жеткирилген

Бүгүн кечинде Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда кырсык болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Subaru Legacy b4 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, оодарылып кеткен. Машина экиге бөлүнүп калган.

Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен 2 адам ошол жерде каза болгон - 1992-жылы туулган Р.К. жана Б.Б 2002-жылы туулган.  Мындан тышкары, бир жабырлануучу бар.

Куткаруучулар келгенге чейинказа болгондорду Ички иштер министрлигинин кызматкери алып кеткен, жабырлануучуну тез жардам бригадасы ооруканага жеткирген. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх