Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунда баасы 5 миллион сомдон ашык аткезчилик жүк кармалды

Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат

Баткен бажысынын кызматкерлери тарабынан 5 миллион сомдон ашык бааланган аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу ГТСтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Баткен облусунун Кадамжай районунун Миң-Чынар-Апкан унаа жолунда пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшүндө, көзөмөлгө алынган DAF автоунаасы токтотулуп, текшерилген.
Кыргыз Республикасынын жараны К. уулу Т унааны башкарып бараткан.

Унаалардын жүк салынуучу бөлүмүнөн эл керектөөчү товарлардын ассортименти (тиричилик буюмдары, кийим-кече) табылганы белгиленди. Товардын болжолдуу жалпы наркы 5 миллион сомдон ашат. Унааны токтотуу учурунда айдоочу жүктөрдү ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай жеткирүү документтерин бере алган эмес.

Министрликтин маалыматы боюнча, унаалар мөөр басылып, "Бими Баткен" убактылуу сактоочу кампасынын аймагына сактоо үчүн коюлган.

Бул факт КЖБРге катталган. Топтолгон материалдар тергөө амалдарынын жүрүшүндө Баткен облусунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх