19 жаштагы Нураим Акылбекова Чүй облусунда жоголду
Ал 16-июнда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз
Чүй облусунда 19 жаштагы Нураим Акылбекова жоголуп кетти. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.
Анын Ленин айылындагы үйдөн 16-июнь күнү саат 03: 00дө чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 165 сантиметр, салмагы 58 килограмм, орто дене түзүлүш, узун күрөң чач. Анын үстүндө чаар футболка жана көк джинсы болгон.
Өзгөчө белгилери: каштын ортосундагы тырык.
Кандайдыр бир маалыматы барлардан көрсөтүлгөн телефондорго кайрылууну суранабыз: 0 (555) 23-04-90, 0 (755) 07-47-20.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз