Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада Кыргызстандан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мекендешин шаардан алып чыгып, миллиондоп талап кылышкан

Банданын мүчөлөрүнүн бири белгилүү ММА клубунун спортчусу

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарымынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарынан опузалап талап кылган жана зомбулук менен коштолгон аракеттерди жасаган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча комплекстүү чараларды көрүүдө.
Ушул жылдын жаз айында Кыргызстандын тургундарынан түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топ Москванын аймактык полициясынын бөлүмдөрү тарабынан кармалган.
2021-жылдын 5-апрелинде түнчүндө Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде кыргыз улутундагы 8-9 белгисиз жарандар күч колдонуп, Кыргызстандын жаранын «УАЗ» үлгүсүндөгү автоунаага отургузуп, токой тарапка алып барышкан. Адамдар жок жерден кылмышкерлер аны мыйзамсыз кармап, курал менен коркутуп, ири суммадагы акча каражатын (миллион рубль) талап кылышкан.
Бул укукка каршы аракетти ошол жакта кокустан өтүп бара жаткан адам байкап калып, укук коргоо органдарына кабарлаган. Кылмыш болгон жерге полиция келип, опузалаган 4 адамды кармашкан. Алар Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тургундары болушат. Алардан ок атуучу курал- “ИЖ-71” үлгүсүндөгү кызматтык тапанча, ок-даарылар, бычак, арматура, дубинкалар табылган. Кармалган жарандардын бири Жалал-Абад облусунун тургуну 1998-жылы туулган А.А. уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бардыгы жөнүндө маалымат бар. Дагы бир кармалган жаран Ноокен районунун жашоочусу 1995-жылы туулган А.С. ММА боюнча белгилүү болгон спорттук клубдардын биринде машыгат, спортчу. Окуя болгон жерден дагы Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочусу 1996-жылы туулган Т. уулу А. жана Базар-Коргон районунун жашоочусу 1997-жылы туулган А. уулу Н. кармалган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын жабырлануучу жаранынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, андан сырткары жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо максатында полициянын аймактык бөлүктөрүнө көмөктөшүп келген.
Жогорудагы факты боюнча Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин аймактык бөлүмү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (Киши уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон.
Июнь айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен укук коргоо органдары тарабынан жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар изин жашырып жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1998-жылы туулган А.Э. кармалды.
Опузалап талап кылууга жана киши уурдоого шектелген дагы бир жаран издөөгө алынган.

Бул факты боюнча айыпталуучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана калган шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү кыргыз мигранттарынын арасындагы кылмыштуулуктун санын азайтуу, алдын алуу, бөгөт коюу жана укук бузууларды жасаган учурда анын терс кесепеттерине туш болуп калбоолорун алдын ала билүүлөрү үчүн келген өлкөлөрдүн мыйзамынын так сактоо зарылдыгы жөнүндө иштерди жүргүзүп келет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх