Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бейбаштар КР УКМК кызматкерине кол салып, өлтүрүп кетишкен

Маркум УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери болгон. Шектүүлөр кармалган

Мындан бир күн мурун, 20-июнда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери топ тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында өлтүрүлгөн.

Бул факты боюнча, адам өлтүрүүгө шектүү адамдар кармалып,  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 4-бөлүгү  "Бейбаштык менен  өлтүрүү" мыйзам боюнча кылмыш иши козголгон. 

УКМК каза болгон улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат. Сиздин кайгыңыз менен чын жүрөктөн бөлүшөбүз, сиз менен кайгырабыз.

 УКМКнын пресс-борбору
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх