Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулук районунда 50 жаштагы адам коңшусунун 10 жаштагы кызын өз үйүнө алдап, зордуктоого аракет кылган

Милиция кызматкерлери шектүүнү кармап ИВСке отургузушкан

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы Сокулук районунун тургуну коңшусунун 10 жаштагы кызын ордун азгырып, зордуктоого аракет кылган деген маалыматка комментарий берди.

«Бул факт боюнча кыздын энеси, 37 жаштагы Ж.Г 10 жаштагы кызы Т.Бны азгырган кошунасына чара көрүүнү суранды. Ал зордуктоого аракет кылган, - деп билдиришти милициядан. - Бул факт  Сокулук РИИБнин КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 162 беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүш башталды. Керектүү экспертизалар дайындалды. Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 50 жаштагы С.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары, шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда эки мергенчилик мылтык табылып, аларга баллистикалык экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Чүй облусунун ИИББ басма сөз кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх