Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Vesti.kgнин кабарчысы Медина Купсулдаева Бишкектеги жол кырсыгынан жаракат алды

Редакция жамааты кесиптешинин тезирээк сакайып кетишин каалайт

Бишкекте Абсамат Масалиев менен Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде, 26-июнда Хонда Фит жана Тойота унаалары кагылышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбордун ПМК маалымдады.

Маалым болгондой, жол кырсыгынан 7 адам жабыркады.

Vesti.kgнин кабарчысы Медина Купсулдаева үй-бүлө мүчөлөрү менен унаалардын биринде болгон.

Ар кандай жаракат алган журналист Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жатып калды.

Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда. Бейтап буга чейин жалпы палатага которулган.

Эки унаа тең айып жайга жөнөтүлдү. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Vesti.kg сайтынын жалпы редакциясы Мединага жана анын үй-бүлөсүнө тез сакайып кетишин каалайт.

Vesti.kgнин коллективи

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх