Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ кыргызстандыктардын Бурятияга мыйзамсыз миграция каналынын бетин ачты

Кармалган адам КРнын жарандарына Россияга кирүүгө укук берген жасалма күбөлүктөрдү берген

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Россиянын Бурятия Республикасына иштөө үчүн барган 6 кыргыз жаранынын паспорттору алынып, жумуш берүүчүлөр тарабынан мыйзамсыз кармалып турган деген маалыматты текшерүүгө алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны Т.Н. Кыргыз Республикасынын жарандарын өлкөдөн тышкары жумушка орноштуруу иштерин жүргүзүүгө уруксаты жок кыргыз жарандарын мыйзамсыз Россия Федерациясынын Бурятия Республиксына жөнөткөндүгү аныкталды.
Кыргыз Республикасынын жарандарына социалдык тармактар аркылуу жана Бишкек шаарынын базарларында чет өлкөдө жакшы шарттар жана жогорку киреше убада кылынган жарнамалар жайгаштырылган.
Мындан тышкары, кармалган адам мигранттарга Россия Федерациясына кирүүгө укук берүүчү жасалма күбөлүк бергендиги аныкталган.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) менен катталып, Т.Н. ге карата иш сотко жиберилди.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Биз менен байланыш
Дареги; 720040, Бишк

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх