Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокаттык кичинекей баланын сүрөтү көпчүлүктү таң калтырды. Ага көптөгөн белектер берилди

Түрк фотографы кадимки телефонго сүрөткө тарткан

Сүрөтү Кыргызстан боюнча жана анын чегинен тышкары аймактарга тарап кеткен Ноокаттан келген  бала белектерге ээ болду. Бул тууралуу фотограф Зафер Динсер социалдык тармак аркылуу жарыялады.

Буга чейин түрк фотографы Зафер Динсер социалдык тармактагы баракчасына кызыл беттүү баланын колуна кымыз кармаган сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөт көпчүлүктү кубантып, интернет колдонуучуларынын көңүлүн бурду.

"Бир ай мурун Ноокатта биз кымыз сунганы чуркап келе жаткан сүйкүмдүү бети кызыл баланы сүрөткө тартып алдым", - деп жазган сүрөтчү. - Мен телефонума сүрөткө түшүп, жүзүнөн жылмаюу тартылган бул сүйкүмдүү баланын сүрөттөрү тарап кетип, Кыргызстанга гана эмес, башка кээ бир өлкөлөрдө популярдуу болот деп ойлогон эмесмин. Кийинчерээк биз дагы бир жолу анын үй-бүлөсүнө барып, Али-Имранды көрүп, белектерин тапшырып, үй-бүлөсү менен тааныштык. Алар бизди абдан жакшы тосуп алышты. Бул бала менен жакындан таанышып, бир секунданын ичинде телефонума сүрөткө тартып алганым абдан жакшы болду, ал көп жылдар бою эсте кала берет.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх