Экинчи аял алып, биринчисинин көзүнчө үлпөт той өткөргөн эркек жазаланган жок
Анын жубайлары ар башка даректерде жашагандыктан, иш токтотулган
Экинчи аялына үйлөнгөн адамга карата тергөө токтотулган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, буга чейин Интернетте эркек адам биринчи аялынын көзүнчө экинчи жолу үйлөнүү үлпөт тоюнан видео тараган. Бул иш коомчулукта кеңири резонанс жаратты. Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон.
- Тергөөнүн токтотулушуна анын аялдарынын ар башка даректерде жашаганы себеп болгон, - деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы. - Кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш токтотулган.
Буга чейин аталган адамга карата Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренеси ("Бигамия же көп аял алуу") боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки процесстер башталган.
Белгилей кетсек, эки аял алганга Кыргызстанда тыюу салынган.
сүрөт www