Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Дөө" каймана аты бар кримавторитет бошотулду

Чыңгыз Жумагулов жазасын өтөгөнү белгиленди

"Дөө" каймана аты бар кылмышкер Чыңгыз Жумагулов жазасын өтөп бүткөндөн кийин бошотулган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин Жумагулов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүгүнүн 266-беренеси ("Бейбаштык") менен күнөөлүү деп табылган. Ал беш жылга эркинен ажыратылды.

Жумагуловду Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү деп дагы аташат. Жумагулов өзү мыйзамдагы ууру Көлбаев жана кылмыш дүйнөсү менен байланышын четке какты.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх