Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын башчысынын орун басары кармалды. Бирок ал 100 миң долларды кайтарып берип, камактан бошотулган

УКМКнын кызматкери алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Э.С. алдамчылыкка шектелип кармалган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, соттун чечими менен алдамчылыкка жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелген адам 2021-жылдын 28-августуна чейин Бишкек гарнизонунун гауптвахтасында кармоо менен камакка алынган.

Бирок, Аскер прокуратурасынын өтүнүчү менен Биринчи Май райондук соту С.Э.ге карата баш коргоо чарасын кетпөө жөнүндө тил кат боюнча өзгөрттү. 

Белгиленгендей, УКМКнын кызматкери 100 миң доллар өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурган.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх