Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илья Варламов: Карыганда өзүмө кооз боз үй, эшек сатып алып, Кыргызстандын тоолоруна жашайм

Россиялык блогер Ош-Бишкек жолунан көргөн сулуулукка суктанды

Россиялык журналист жана блогер Илья Варламов карыганда Кыргызстандын тоолоруна отурукташууну чечти. Бул тууралуу ал өзү Instagram баракчасына жарыялаган.

«Карыганда өзүмө сөзсүз түрдө кооз боз үй, эшек (аны Олег деп коём), бир нече уй сатып алып, ушул кооз өлкөнүн тоолоруна жайгашам. Ошентип, эч ким ондогон чакырымга жетпесин! " - деп жазган блоггер.

Белгилей кетсек, буга чейин Варламов Ош-Бишкек жолунда көргөн пейзаждарынан алган сезимдери менен бөлүшкөн.

«Мен көргөн нерсе мени таң калтырды. Мен көп жерлерде болдум, жана менин оюмча, Ош-Бишкек жолу эң сонун жолдордун бири! Жолдо бактылуу, боорукер адамдарды жолуктурдум. Алар боз үйдө үй-бүлөлөрү менен чогуу жашап, уй, жылкы оттоп, куурдак жеп, кымыз ичишет. Бакыт үчүн дагы эмне керек? Таптакыр башка жашоо. Сиз дагы деле түшүнбөйсүз! О, кандай сонун күн! " - деп суктанды ал.

 

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх