Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дженго кримтөбөлүнүн айдоочу-жан сакчысы кармалды

Ал топ адамдар менен биргеликте кыргызстандыкты сабапакчасын тартып алган

Дженго каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн айдоочу-жан сакчысы кармалды. Белгиленгендей, ал бейбаштыкка шектелип кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Башкармалыктын маалыматы боюнча, кармалган Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну М.А., мурда соттолгон. Криминалдык полиция кызматынын маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин оперативдик каттоосунда турат, Ош шаарында жана Ош облусундагы "положенец" Дженгонун айдоочусу-жансакчысы. Ал 2021-жылдын 10-июлунда алдын ала бүтүм боюнча, бир топ адамдар менен биргеликте денеге залал келтирүү менен байланышкан бейбаштык аракеттерине катышкандыгы белгиленген. Түштүк борбордун кафелеринин биринин жанында алар бычак менен коркутуп, Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алышкан, андан кийин капчыгвн алып кетишкен, анда 1600 АКШ доллары жана 48 миң сом өлчөмүндөгү каражаты болгон. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесине ылайык "Бейбаштык" менен катталган. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, шектүү Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх