Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда 42 жаштагы аялдан 9 килограммга жакын гашиш табылды

Белгиленгендей, Чүй облусунан Россия Федерациясына ири өлчөмдөгү баңгизаттарды  ташуу жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү баңгизаттарды Чүй облусунан Россия Федерациясына ташуу жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.
Кызматтын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине 40-45 жаштагы жаран Чүй облусунунан Россия Федерациясынын Новосибирск облусуна баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
Алынган маалымат боюнча текшерүү жүргүзүшүп, милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныктай алышты. Аталган факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) белгилери менен катталган.

Жүргүзүлгөн мындан аркы тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 1979-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кармалган.

Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүнүн жашаган үйүнүнөн жети жүз алтымыш эки даана таңгакталган баңги каражаттары алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 кг 930 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты алынган.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх