Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Көз алдыбызда адам өлүп калды". Чет элдик туристтер Ысык-Көлдүн тамтыгы чыккан жолдоруна нааразы

Жол кырсыгына күбө болгон чет элдиктер  жабыркагандардын бири тирүү болгонун, бирок тез жардам кечигип келгенин белгилешти

Чет элдик турист жөө адамдар өтүүчү жолу, жарыгы жана жол белгилери жок Ысык-Көлдүн көчөсүнө нааразы. Ал алардын көз алдында  катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа эки жөө жүргүнчүнү сүзүп, алар тез жардам унаасы келгиче көз жумганын айткан. Чет элдиктин кайрылуусу социалдык тармакка жарыяланган. "Кечээ биз Ысык-Көлдө абдан жаман окуяга туш болдук" деп баштаган ал. - Досторубуз менен Чок-Талга эс алдык. Бардыгы сонун болуп жаткан. Эрденеев деген көчө эс алуучу жай болгонуна карабастан, жолу таптакыр коопсуз эмес экен. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол жок,чырак жок болгондуктан, унаалар өтө тездик менен өтүп жатышты. Кечээ ал жерде унаа эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Биз шок болдук! Жабыркагандардын бири тирүү болчу, бирок тез жардам өтө кеч келди.

Алар жалпы Ысык-Көлдө бир гана оорукана бар экендигин айтышты.

Чет элдик  Ысык-Көлгө адамдар оо дүйнөгө кетүү үчүн эес эс алууга келишерин айткан.

-Алар башка жол кырсыгына барып, ошого кечигип келишкен экен", - деп жазган ал. - Тилекке каршы, эки жөө жүргүнчү тең каза болуп калышты. Бул күн менин жашоомдогу эң жаман күн болду. Адамдар өлүп жатышат,  бир нерсе кылгыла!. Азыр жай мезгили, көптөгөн адамдар Ысык-Көлгө эс алууга кетишет. Бирок эс алуунун ордуна, алар өлүп атышат. Жолдор коопсуз болушу керек, балким Бишкектен тез жардам унааларын жөнөтүү зарылдыр?!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх