Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда ок атышуу орун алып, эки адам ооруканага түштү

 Ыкчам кызматкерлер ок чыгарган адамдын өздүгүн аныктап, тергөө кызматына алып барышкан

Панфилов районунда атышуу болуп, эки адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Министрликтин маалыматы боюнча, ушул жылдын 24-июлунда Панфилов РИИБге ок жаракат алган эки жабырлануучу аймактык ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн (1991-жылы туулган И.А. жана 1997-жылы туулган Ш.Т). Кызматкерлер тарабынан Орто-Кайырма айылынын көчөлөрүнүн биринде окуядан кийин дайынсыз жоголгон белгисиз адам менен болгон жаңжалда ок атылгандыгы аныкталган. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266 (бейбаштык) беренеси боюнча Панфилов районунун ИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Сотко чейинки өндүрүш башталып тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө-оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө, Чүй облусунун ИИББнин жана Панфилов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, Чүй облусунун тургуну К.Н. аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүдөн травматикалык тапанча, гильза жана резина ок алынган. Учурда бардык текшерүү иш-чаралары окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх