Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ыкчам кызматкерлери түзөтүү мекемелерине баңги заттарды сатуунун каналдарын жабышты (сүрөт)

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 килограмм 445 грамм гашиш алынган

SBNON Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кара куурай тобунун баңгизаттарын ташуу жана сатуу каналын жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзүшкөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда ыкчам кызматкерлери 1996-жылы туулган жаран К.А.нын  БМВ үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унаанын алдыңкы жүргүнчү отургучунун астынан издөөчү иттин жардамы менен текшерүү учурунда, жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл зат салынган үч таңгак табылып алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 килограмм 445 грамм гашиш алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган баңгизат айдоочу 1996-жылы туулган К.А.нын  жана 2000-жылы туулган жүргүнчү Б.А.га таандык болгон. Алар КР Чүй облусунда жайгашкан  Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелерине сатууну көздөшкөн. 

Учурда баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу сотко чейинки тергөө иш-чараларынын алкагында тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

 

ИИМ маалымат-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх