Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экстремисттик мүнөздөгү материалдарды тараткан 41 жаштагы аял кармалды

Кармалган кыргызстандык аял тыюу салынган "Хизб-ут-Тахрир" кыймылынын аялдар канатынын активдүү мүчөсү болгон

Чүй облусунун Аламүдүн районунда Жалал-Абад облусунун тургуну, Кыргызстанда тыюу салынган Хизбут-Тахрир кыймылынын жолун жолдогон жана аялдар канатынын активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Кармалган 41 жаштагы А.Б. мурда эки жолу соттолгон. Жогоруда аталган аял социалдык тармакка катталып, экстремисттик мазмундагы материалдарды таркатканы аныкталды. Бул факт Аламүдүн районунун ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси боюнча (Экстремисттик материалдарды өндүрүү, жайылтуу) кылмыш иши козголгон . Аламүдүн райондук соту А.Бга карата  эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх