Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ал жалдырап жардам сурап жатты". Түтүк соруп кеткен жигиттин аты Стас эле (сүрөт)

Күбөлөр түтүктө эч кандай тор же тосмо жок экенин билдиришти

Интернетте Ысык-Көлдөгү Бостери пансионатында түтүк соруп кеткен жигиттин сүрөтү жарыяланды. Трагедиянын күбөлөрү жигит жардам сурап айгайлаганын, алар баланын колдорунан тартып, бирок жардам бере албай калышканын айтышты.

- Жигиттин аты Стас эле, ал болгону 18 жашта болчу, - деп жазышкан интернет колдонуучулар. «Ал жакта бардыгы эле сүзүп жүрүшкөн. Анын ордунда каалаган адам болушу мүмкүн эле. Ал чоң түтүктө эч кандай тосмо же тор жок болчу. Тергөө башталды, бирок бул Стасты бизге кайтарып бере албайт да. Ал жардам сурап айгайлап жатты, биз анын колдорунан тартып, бирок түтүк болбой эле соруп кетти. 

Эске салсак, Ысык-Көлдүн жээгинде 18 жаштагы баланы аквопаркка көлдөн суу куйган түтүк соруп кеткен. Баланын сөөгү өлүкканага жеткирилип, тергөө иштери дайындалды.

 фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх