Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында Россияда оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кармалган жаран ошондой эле тоноого шектелүүдө
ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө тоноого шектүү жаран кармалды. Ушул жылдын 22-июнунда ички иштер органдарына жаран М.А. кайрылган, анын билдирүүсүнө караганда Кара-Суу районунун көчөлөрүнүн биринде белгисиз адам күч колдонуп, Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 119 800 сом акчасын алып качып кеткен.
Аталган факт жазык кодексинин 201 беренедеги кылмыш белгилеринин негизинде КЖБРга катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.
Жакында, Ош шаарында ыкчам-профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү 1982-жылы туулган Ош шаарынын тургуну О.Э. кармалган. Алгачкы иилктөөлөрдүн жүрүшүндө аныкталгадай ал Россия Федерациясынын аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү аныкталды. 
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда 
 
ИИМдин Басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх