Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Талас райондук администрациясынын башчысынын орун басары кармалды. 50 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган

 Ал Ички иштер башкармалыгынын ИВСине киргизилди

Кечээ, 28-июлда 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда, ТКР Талас райадминистрациясынын башчысынын орун басары пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти. Талас райондук администрациясынын башчысынын орун басары Кыргыз Республикасынын жаранынан оң чечим кабыл алуу жана ишкердик ишин жүргүзүүгө уруксат берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. Сотко чейинки процесстин алкагындагы тиешелүү далилдердин негизинде Т.К.Р. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326 (Пара талап кылуу) беренеси менен кармалган.

Учурда бул кылмышты жасоого катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган кылмыш иши боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх