Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы бишкектик жаранды ур-токмокко алууга шектелген жаранды кармашты

Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тураары айтылды

Жаран Т.Ж. ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, анда ээнбаштык фактысы боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. 2021-жылдын 13-июль күнү болжол менен саат 14:00до Ош-Бишкек жолундагы кафелердин биринде арыздануучуну чала тааныш адам себепсиз сабап, денесине жаракаттарды келтирген.

Жогорудагы факты боюнча топтолгон материал КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул укукка каршы аракеттерге криминалдык чөйрөнүн адамдарынын тиешеси бар болгондуктан, шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чарага ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.

28-июль күнү Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынан Жалал-Абад облусунун жашоочусу 1984-жылы туулган Д.А. кармалды. Жаран Д.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Иликтөө иштери уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх