Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чычкан суусуна түшүп кеткен 60 жаштагы аялды издөө иштери жүрүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштерин жүргүзүүдө

Кечээ саат 18.00 чамасында Токтогул районунда, Бишкек-Ош жолунун 255-чакырымында 60 жаштагы аял Чычкан  дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Департаменттин маалыматы боюнча, ошол эле күнү окуя болгон жерге 5 куткаруучу жөнөп кеткен. Бирок караңгы киргендиктен куткаруу иштери токтотулган.

Бүгүн издөө иштерине 10 куткаруучу, Жаңы-Жол айыл аймагынан 10 адам жана алардын туугандарынан 20 адам кеткен.

 

ӨКМдин басма сөз кызматы

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх