Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 21 үйдү суу каптады

Мындан тышкары, Ош-Баткен-Исфана жолунун тилкелерин суу жууп кеткен

Анын алдында Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 21 үйдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, сел 14 үйдүн короосун да каптады.

Кошумчалай кетсек, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318-жана 320-чакырымдарында, Өзгөрүш жана Катран айылдарында ички жолдун тилкелерин суу жууп кеткен.

Белгиленгендей, аянтка эки жүктөгүч жана эки грейдер тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Лейлек аймактык бөлүмүнөн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан ыкчам топ түзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх